Спорттук жыйындар жана лагерь
«Каприз» - спорттук жеңиштер үчүн!
Ысык-Көл – кышында тоңбогон уникалдуу туздуу көл. Тянь-Шань тоосунун арасында деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашкан.
“Каприз” эс алуу борбору сиздерге орто тоо шартындагы спорттук базаны сунуштайт. Ысык-Көлдүн уникалдуулугуна байланыштуу башка базалардан айырмаланып, бул жакта адаптация жана акклиматизация жеңил өткөндүктөн, машыгуунун таасири жогору болот. База мелдештерге даярданууга жана ар түрдүү деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө багытталган.
«Каприз» - жашоо жана спорт менен машыгуу үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги заманбап шарттарга жооп береген, бир эле учурда 700 спортчуну кабыл алууга ылайыкталган. Орто тоо шартындагы ийне жалбырактуу жана жалбырак бактуу аллеялар жана айылдын өнүккөн инфраструктурасы “Капризди” спорттун, машыгуунун жана мелдештерден кийинки калыптануу мезгилиндеги эс алуунун мыкты жайы кылат.
Бийик тоолуу, өзгөчө орто тоолуу шартта машыгуу спорттогу көрсөткүчтөр, ден-соолукту чыңдоо, спортчулардын күчүн жана чыдамкайлыгын арттыруу үчүн канчалык пайдалуу экендиги бардыгына маалым. Бул – бүгүнкү күндө эң популярдуу жана атаандаштын алдында артыкчылык алуунун жалгыз мыйзамдуу ыкмасы. Ысык-Көлдө акклиматизация жана адаптация 1607 метр бийиктик менен уникалдуу түрдө айкалышып көбүнчө спортчулар үчүн башка жерлерге салыштырмалуу жеңил өтөт.
“Каприз” эс алуу борборунда спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар эң жылуу кабыл алууга туш болушат.
Кызматта:
- 4 тилкелүү 25 метрлик жабык бассейн
- кийинип-чечинүү үчүн ыңгайлуу жайы, душка түшүүчү блогу бар тренажердук спорттук зал
- балдар жана чоңдор үчүн ачык бассейндер
- жер кыртышындагы теннистик корттор (clay court)
- стритбол үчүн аянтча
- футбол талаасы
- жер кыртышындагы 400 метрлик стадион
- тренажердук зал
- парустук спорт менен машыгуу үчүн бардык шарттар
- Жакын жерде ар кандай аралыкта чуркоо үчүн жер кыртыштуу тилкелери бар алма бак жайгашкан
- 2 км аралыкта заманбап мультифункционалдуу комплекс жайгашкан
Ысык-Көлдүн климаты деңиздикиндей өзгөчө жумшак. Кышы жылуу(-3,-4 С), жайы салкын (+22, +30 С), жылына 300 гө чейин күнөстүү күндөр болот. Жайында көлдүн суусунун температурасы орто эсеп менен +23,+25 С түзөт.