Жөнүндө

Биз жөнүндө: Фотосүрөт

Сиздерди тоӊбой турган, кайталангыс Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Каприз» отелинде көргөнүбүзгө кубанычтабыз!

Отель Чолпон-Ата шаарынан 5 км, Тамчы аэропортунан 40 км жана Манас аэропортунан (Бишкек) 282 км аралыкта жайгашкан. Ал – 1000ден ашуун адамды бир учурда кабыл алууга эсептелген, жыл бою иштөөчү, кайтарылуучу эс алуу борбору.

Отель үй-бүлө менен эс алуудан тышкары корпоративдик иш-чараларды жана салтанаттарды өткөрүү үчүн да идеалдуу туура келет. Ал эми спорттук инфратүзүмдүн бар болушу спортчулар үчүн мелдештерге натыйжалуу даярдануусун уюштурууга да мүмкүндүк берет.

«Каприз» отели – бул керемет мейманканалык тейлөө, жээктеги мыкты пляж, көӊүл ачуунун көптөгөн түрлөрү, жабык бассейн жана спорттук комплекс, жакшы жабдылган конференц-залдар, улуттук жана европалык даамдары менен ресторандар.

Отелдин жакшы каралуучу аймагы жана ар бир номердин терезесинен көрүнгөн көлдүн ажайып көрүнүшү, эс алуунун ар кыл түрлөрүн тандоо мүмкүнчүлүгү жылдын каалаган мезгилинде Ысык-Көлдөгү эс алуунун кооздугун жана энергиясын туюуга жардам берет.

Кышкысын – муздак хрусталь аба, кебездей жайылган карга нурларын чагылыштырган күн. Жазында болсо жээктеги жаратылыштын ойгонушун көрүү биздин жашообуздун тездиктүү, түйшүктүү реалдуулугунда чынында эле эӊ мыкты дем берүүчү терапия болуп саналат. Жай кайталангыс жаратылыштын кучагында мээримдүү жылуулук тартуулап, көгүлтүр жээктин тунук суулары күнгө ойнойт жана Ысык-Көлдүн таптаза, бир аз туздуу суусунда сүзүүдөн ырахат алууга азгырат. Күз жаркын түстөр менен таӊ калтырат, кызыл-саргыч жалбырактардын, көк асман мейкиндигинин, тоолордун карлуу чокуларынын контрастына суктандырат.

Биздин отелде карагай, арча, туя, кайыӊ, акация, четин, калина, кызыл тал, мажүрүм тал, липа, сирень, каштан, терек жана башка көптөгөн бактар жана бадалдар өсөт.

Жаратылыш, тейлөө, беймарал жашоо* жана активдүү көӊүл ачуулар Сиздин эс алууӊузду жыл бою жагымдуу кылып, унутулгус таасирлер менен толтурат.