Аймак

Аймак

Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Каприз» курорттук отели 8 гектарга жакын аймакка ээ. Аймак фонтандуу башкы аллея менен жөө сейилдөөгө, ар кыл активдүү аракеттердин кызыктуу аянтчаларын ачууга жана көлдүн жээгинде басууга, пирстин үстүнөн горизонттун кооз линиясына көз чаптырууга тартат.

Курорттун инфратүзүмү ар түрдүү:

  • Ар кыл категориядагы 119 номер: коттедждер, виллалар;
  • Бары менен пляжда "Шатер" кафеси;
  • 3 бассейн (жабык спорттук бассейн, пляждагы бассейн, балдар үчүн бассейн);
  • Балдар аянтчалары;
  • SPA-борбор;
  • Пляждагы тренажёрдук комплекс;
  • Медициналык жана аптекалык түйүндөр;
  • Конференц-залдар;
  • Аниматордук команда (жайкысын);
  • Интернет (Wi -Fi);
  • Кайтарылуучу унаа токтотуучу жай;
  • Дүкөн;
  • Номерлерди тейлөө (Room service)

«Каприз» курортунун спорттук комплекси төмөнкүлөрдөн турат:

  • Жабык 25 метрлик төрт жолчолуу бассейн саунасы менен;
  • Тренажердук зал;
  • Ачык чоӊ кишилер үчүн жана балдар үчүн бассейндер;
  • Грунттуу теннистик корттор (clay court)
  • Баскетбол, пляждык футбол үчүн аянтчалар;
  • Жыл бою иштөөчү волейбол аянтчасы;
  • Жасалма төшөлмөлүү футбол талаасы;
  • Таза абадагы тренажёрлор;
  • Туз бөлмөсү;
  • Йога менен машыгуу үчүн пирстеги аянтчалар.

Ысык-Көлдүн жээгинде кеӊири кумдуу пляж жабдылган. Жанында чоӊ кишилер үчүн жана балдар үчүн ачык бассейндер, бий аянтчасы жана бары бар жайкы кафе, ресторандар жайгашкан. Активдүү эс алуу шайыр жана сергек маанайды камсыз кылат.

«Каприз» курортунун ресторандык комплекси «Каприз» ресторанын, «Бриз» ресторанын жана ачык бассейндин жанындагы кафе-барды камтыйт.

Балдар үчүн балдар борбору, көчө аянтчасы жана пляждын жанындагы балдар шаарчасы жабдылган.

Отелдин башкы корпусунда 300 адамга эсептелген, 250 кв. м аянтка ээ көп функциялуу конференц-зал жайгашкан.

Меймандарга ыӊгайлуу болсун үчүн отелдин аймагында дүкөндөр, дарыкана, медициналык персоналдын күнү-түнү нөөмөтчүлүгү менен медициналык түйүн иштейт.

Отелдин меймандары үчүн кайтарылуучу унаа токтоочу жай.