Туз бөлмөсү

Туз бөлмөсү: Фотосүрөт 1
Туз бөлмөсү: Фотосүрөт 2
Туз бөлмөсү: Фотосүрөт 3

Туз бөлмөсү – галотерапия үчүн атайын жабдылган жай. Туз терапиясы үчүн бөлмөнүн артыкчылыгы – уникалдуу микроклимат, ал пайдалуу заттардын организмге респираторлук жол менен киришин камсыз кылат.

Туз бөлмөсүнүн дарылык микроклиматы адамдын психоэмоционалдык абалына жагымдуу таасир тийгизет жана зат алмашуу процесстерин жакшыртат, антистресстик таасир берет, шлактарды чыгарууга көмөктөшөт жана терилик, аллергиялык жана респираторлук ар түрдүү ооруларды дарылайт.

Бул жердеги жасалма түрдө түзүлгөн чөйрө чыныгы туз үӊкүрүнүн табигый шарттарынан кем калбайт. Туз бөлмөлөрүнө наристелерге, картаӊ адамдарга, ошондой эле кош бойлуулук учурунда тутумдуу олуттуу оорулар жок болгон учурда кирүүгө уруксат берилет.

Бөлмө меймандардын эс алуусуна ылайык жабдылган – мында ыӊгайлуу шезлонгдор, телевизор, балдар үчүн оюндар бар.

Сеанс кандай өтөт

Туз бөлмөсүнө кирүүдөн мурун төмөнкү эрежелер менен таанышып алуу зарыл:

  • 7 жашка чейинки балдар туз бөлмөсүндө ата-энеси менен чогуу болууга тийиш.
  • Тынч убакыт өткөрүү сунуш кылынат, бөлмөдө чуркабаш керек.
  • Тамакты процедурага 1 саат калганга чейин жана ал бүткөндөн 30 мүнөт өткөндөн кийин ичүү керек.

Бөлмөнүн атмосферасы физикалык жана психоэмоционалдык саламаттыкты калыбына келтирет. Сеанстын узактыгы 30-60 мүнөттү түзөт.

Туз бөлмөсү SPA-комплексте жайгашкан.

Туз бөлмөсүндө 8 кишиге чейин жайгаша алат.

Иштөө убактысы: 10.00дөн 20.00гө чейин.

Сунуштар

Белек тартуулаганды жакшы кѳрѳсүзбү?

Белек тартуулаганды жакшы кѳрѳсүзбү?

Биздин мейманканада жашап турууга 10 000, 30 000 жана 50 000 сомго белек сертификаттарын  50% жеңилдиктер менен сатып алууну сунуштайбыз.
«Мобилдик»

«Мобилдик»

-10% түз заказ кылуу үчүн. Учурдагы атайын сунуштар менен айкалыштырууга болбойт
Акция боюнча брондоо