SPA ТЕРРИТОРИЯСЫ

SPA ТЕРРИТОРИЯСЫ: Фотосүрөт 1
SPA ТЕРРИТОРИЯСЫ: Фотосүрөт 2
SPA ТЕРРИТОРИЯСЫ: Фотосүрөт 3
SPA ТЕРРИТОРИЯСЫ: Фотосүрөт 4
SPA ТЕРРИТОРИЯСЫ: Фотосүрөт 5

Бишкек шаарындагы белгилүү "Территория SPA" SPA-салонунун устаздары сиздин Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алууӊузду кооз, ал эми үйгө кайтууӊузду триумфалдуу кылууга ынтызар болушат.

"Территория SPA" салонунун тажрыйбалуу SPA-эстетисттери, стилисттери, косметологдору жана массажисттери Сизге акысыз консультация беришет жана релаксациянын, организмди чыӊдоонун жана фигураны коррекциялоонун жекече комплекстүү программасын тандап беришет.

Биз Сизге массаждын ар кандай түрлөрүн, анын ичинде массаждын комбинацияланган түрлөрүн, стоун терапияны, релакс массажды, лимфадренаждык массажды, ысык таштар менен массажды, антицеллюлиттик кол техникаларын, курсактын, тамандын, арканын массажын сунуштоого даярбыз.

Ошондой эле бизде коррекциялоочу, жашартуучу, калыбына келтирүүчү жана детокс методикалардын кеӊири топтомун камтыган косметолог кабинети бар. Каштарга жана кирпиктерге кам көрүү.

Маникюр жана педикюр кабинетинде аялдарга, балдарга жана эркектерге кам көрүүнүн ар кыл варианттары (аппараттык, комбинациялык, классикалык, европалык), тырмак дизайны, SPA-маникюр жана педикюр бар.

"Территория SPA" меймандарга чачтар жана баш териси үчүн чыӊдоочу SPA-комплекстерди сунуштайт. Аялдар, балдар жана эркектер үчүн чач тарач кызматтары.

SPA-комплекстин дүкөнүндө бетке жана денеге кам көрүү боюнча өнүмдөрдүн кеӊири топтому сунушталат, алар ар кыл курактагы терисинин типтери ар кандай аялдардын керектөөлөрүнө идеалдуу шайкеш келет.

Биз Dr.Irena Eris поляк косметикасынын эксклюзивдүү дистрибьютору болуп саналабыз. Бул эӊ табигый жана коопсуз косметикалык линиялардын бири. Азыркы күндө биздин дүкөнүбүздө атактуу Dr.Irena Eris брендинин косметикасынын 3 линиясы коюлган, бул тынымсыз өсүп жана жаӊырып жаткан ассортименттин 300 аталышын камтыйт.

Биздин спа-процедураларыбыздан ырахаттанууну сезиӊиз, стресстен арылыӊыз жана рухий теӊ салмактуулукка жетиӊиз! Ал эми процедуралардан кийин туз бөлмөсүнө кирүү чыӊдоочу процедураларга жагымдуу толуктоо болуп калат.

СПА кызматтардын прайсы (баалары) (сайтынан алыӊыз).

Сунуштар

Белек тартуулаганды жакшы кѳрѳсүзбү?

Белек тартуулаганды жакшы кѳрѳсүзбү?

Биздин мейманканада жашап турууга 10 000, 30 000 жана 50 000 сомго белек сертификаттарын  50% жеңилдиктер менен сатып алууну сунуштайбыз.
«Мобилдик»

«Мобилдик»

-10% түз заказ кылуу үчүн. Учурдагы атайын сунуштар менен айкалыштырууга болбойт
Акция боюнча брондоо