Пляж

Пляж: Фотосүрөт 1
Пляж: Фотосүрөт 2
Пляж: Фотосүрөт 3
Пляж: Фотосүрөт 4
Пляж: Фотосүрөт 5
Пляж: Фотосүрөт 6
Пляж: Фотосүрөт 7
Пляж: Фотосүрөт 8
Пляж: Фотосүрөт 9
Пляж: Фотосүрөт 10
Пляж: Фотосүрөт 11
Пляж: Фотосүрөт 12
Пляж: Фотосүрөт 13
Пляж: Фотосүрөт 14
Пляж: Фотосүрөт 15
Пляж: Фотосүрөт 16

Отелдин кумдуу жана таза пляжы 287 х 285 метр аянтты ээлейт. Пляжда зонттор, чечинип-кийинүү үчүн кабиначалар жайгаштырылган, ал эми ыӊгайлуу жана функционалдуу шезлонгдор отелде жашап жаткан меймандарга акысыз берилет. Бардын жанында жекече эс алуу үчүн ыӊгайлуу бунгалолор жайгашкан.

Сууга түшкөн жер кыйгач жана аздан жантаят, бул кичинекей балдар жана алардын ата-энелери үчүн өтө ыӊгайлуу, алар баланы сууга беймарал коё бере алышат.

Пляждын ажайып жактарынын бири болуп сууга ар кандай тереӊдикте түшүүгө мүмкүндүк берген, эс алуу үчүн жайгашууга гана эмес, кооз сүрөткө түшүүгө, йога менен машыгууга мүмкүндүк берген өзүнчө аянтча-террасалар жайгашкан кайталангыс пирс саналат.

Жайкы мезгилде пляжда биздин меймандарыбыздын коопсуздугуна көз салуучу куткаруучулар командасы күн сайын иштейт.

Пляжда балдар үчүн жана чоӊ кишилер үчүн анимациялык активдүүлүктөрдүн көптөгөн түрлөрү меймандардын кызматына сунушталат.

Активдүү кыймылды каалай турган болсоӊуз – пляж волейболун же футболун ойноону сунуш кылабыз. Жакшы жабдылган кортто чоӊ теннис ойноо активдүү эс алууну байытат.

Жайкы кафенин жанында шезлонгдору коюлган ачык бассейн жана отелдин эӊ кичинекей меймандары үчүн балдар бассейни бар. Бассейндер зонасынын катарында заманбап душ бөлмөлөрү, бар, кафе жайгаштырылган. Бассейндердин аймагында кесипкөй куткаруучулар дайыма нөөмөттө турушат, анткени биз өз меймандарыбыздын коопсуздугуна астейдил көӊүл бурабыз.

Пляжда терезесинен көлдүн ажайып көрүнүшү көрүнгөн «Бриз» рестораны, бассейндин жанындагы бий аянтчасы жана кечкисин «жандуу» музыкасы бар жайкы кафе жайгашкан… Бул жерде сиз бир эле учурда пляждык эс алуудан, даамдуу тамактан жана унутулгус атмосферадан ырахат ала аласыз.

Жылдын жылуу мезгилдеринде «Каприз» курорттук отелинде ар бир адам өзүнө жаккан эс алуу таба алат, ал эми өзгөчө жумшак, дээрлик деӊиз климаты сиздин эс алууӊузду ыӊгайлуу жана унутулгус кылат.

Сунуштар

«Майрам»

«Майрам»

-20% түз заказ кылуу жана 100% төлөө. Туулган күндү ээлеп коюу. Туулган күндөн 3 күн мурун жана 4 күндөн кийин
-10 000 сомдон банкетке заказ берүүдө менюда -10%
«Мобилдик»

«Мобилдик»

-10% түз заказ кылуу үчүн. Учурдагы атайын сунуштар менен айкалыштырууга болбойт
Акция боюнча брондоо
«100%»

«100%»

Веб-сайтта же түздөн-түз ээлеп коюу аркылуу 100% төлөө үчүн -15%. Кайтарылбай турган тариф. Учурдагы атайын сунуштар менен айкалыштырууга болбойт
Акция боюнча брондоо