Баскетбол, волейбол, футбол
Баскетбол, волейбол, футбол жана спорттун башка оюндук түрлөрү менен алектенүү үчүн Сиздерге ачык аянтчаларды сунуш кылабыз.
Баскетболдук аянтча
Аянты – 605 кв. м.
Оюн талаасында баштыкчалары бар эки калканча жана тиешелүү белгилөөлөр жайгашкан. Талаанын четтеринде – бийик корук (тор) түрүндөгү тосмо бар.
Отелде жашагандар үчүн кирүү бекер.
Баскетбол спорттун эӊ популярдуу жана көргүлүктүү командалык түрлөрүнүн бири болуп саналат. Анын максаты атандааш тараптардын оюнчулары аянтчада атайын эрежелерди колдонуп жылып жүрүүсүн жана калканчаларга орнотулган баштыкчаларга болушунча көбүрөөк топ салышын камтыйт. Баскетбол, спорттук оюн катары, биринчи ирээтте кызыктуу көргүлүгү менен, техникалык-тактикалык ыкмалардын көптүгү менен өзүнө тартат.
Волейбол аянтчасы
Аянты – 700 кв. м.
Волейбол – спорттун эӊ популярдуу жана жеткиликтүү массалык түрлөрүнүн бири. Таяныч-кыймыл аппаратын бекемдейт, муундардын кыймылдуулугун жакшыртат. Волейбол шамдагайлыкка, так кыймылдоого, кыймылдуулукка жана ийилчээктикке машыктырат. Волейбол ойноо балдарда жана чоӊ кишилерде тайманбастык, өжөрлүк, туруктуулук, тартип жана кырдаалдын өзгөрүшүнө тез реакция кылуу сыяктуу сапаттарды өнүктүрөт.
Жасалма төшөлмөлүү кесипкөй футбол талаасы
Футбол талаасын корпоративдик жана топтук колдонуу үчүн ижаралоо акысы жекече макулдашылат.
Футбол – мүнөздүн маанилүү белгилерин калыптандыра турган, көп көндүмдөрдү: мамиле түзүү билгичтигин, физикалык жүктөмдү көтөрүү жөндөмүн өнүктүрө турган спорттун түрү. Бул оюн координацияны жана шамдагайлыкты өнүктүрөт, ой жүгүртүүнүн белгилүү бир түрүн, тез реакцпия кылууну жана чечим кабыл алууну калыптандырат.