«Бриз» рестораны
Иштөө убактысы: жайкы сезондо 8:00дөн 24:00гө чейин.
Ажайып кооз Ысык-Көлдүн жээгинде орун алган. Классикалык интерьер менен коштолгон ыӊгайлуу жасалга, азия ашканасынын чүйгүн тамактары, керемет тейлөө жана сылык официанттар, көлдүн укмуштай көрүнүшү сизди кайдыгер калтырбайт – мунун баары “Бриз” рестораны.
8:00дөн 10.00гө чейин ресторанда меймандар үчүн таӊкы тамак тартылат. Ал эми кечинде көлдүн керемет көрүнүшү, жандуу музыка жана ресторандын ыӊгайлуулугу достор менен бирге убакыт өткөрүүгө тартат. “Бриз” рестораны – үйлөнүү тойлорун, мааракелерди жана башка салтанаттуу иш-чараларды майрамдоо үчүн мыкты жай.